Россия Кыргызстанга азык-түлүк боюнча жардамдашат

Продукциялар аймактардагы муктаж болгондорго берилери айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Дүйшөмбү, 31-июлда, борбор калаада Россия жардам катары берген азык-түлүктөрдү тапшыруу иш-чарасы өтөт. Бул туурасында Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.
Ага элчиликтин, Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин (жардамды муктаж болгондорго бөлүштүрөт), Азык-түлүк боюнча дүйнөлүк программанын өкүлдөрү катышмакчы.
"Азык-түлүк аймактардагы муктаж болгон үй-бүлөлөргө максаттуу түрдө бөлүнүп берилет", — деп айтылган маалыматта.
Долбоор БУУнун Азык-түлүк боюнча дүйнөлүк программасына Россиянын кошкон салымынын алкагында ишке ашырылат.
Россия бул программанын алкагында Кыргызстанга бир топ жардамдарды көрсөтүп келет. Жакында эле аталган мамлекеттин өкмөтүнүн Кыргызстандагы окуучуларга мектептен ысык тамак берүү системасын өнүктүрүү долбооруна 15 миллион доллар бөлүүнү чечкени маалым болду.
Баткенде Россиянын каржылоосу менен логистикалык борбор ачылды. Видео