БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Ош шаарынын түндүк тарабынан айланып өтүүчү мамлекеттик маанидеги айланма Ош унаа жолунун 12-17-чакырымдарын (Т түрүндөгү кесилиштен тартып Ош — Кара-Суу автожолуна чейин) оңдоодо алешемдиктер аныкталды. Бул туурасында Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүүдө Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Кыргыз автожол" мамлекеттик мекемесинин №21 жол тейлөө ишканасы жана "В.С.Л." ЖЧКсынын кызмат адамдары тарабынан 2021-2023-жылдар аралыгында аткарылган иштердин актыларында иш жүзүндө төшөлбөгөн асфальттар да кабыл алынган. Ошондой эле асфальт төшөө боюнча иштерди жогорулатылган баада жазышканы жана жол иштери сапатсыз аткарылгандыктан айрым жол катмарлар бузулуп кеткени аныкталган.
Натыйжада мамлекетке 2 миллион 683 миң 786 сомдук зыян келтирилгены айтылды.
Аталган факт боюнча Ош облусунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу"), 210-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу") жана 346-беренеси ("Кызматтык жасалмачылык") менен кылмыш иши козголду.
Тергөөнүн жүрүшүндө №21 жол тейлөө ишканасынын башкы инженери М.М. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо изоляторуна киргизилген.