Радио

Сыдыков: нотариалдык палата нотариус кызматынын деңгээлин көтөрөт

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков нотариалдык палата аталган кызматты аркалагандарды окуудан өткөрөрүн айтты.
Sputnik
Жеке нотариустардын уюму, тактап айтканда, нотариалдык палата түзүлдү. Анын максаты — нотариус кызматкерлеринин кесиптик дараметин жогорулатуу. Бул тууралуу Орозбек Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, нотариалдык палата жеке нотариустарды окутуу, өнүктүрүү, этикалык жүрүм-турумун көзөмөлгө алуу жана нотариалдык кызматтар багытында эл аралык мамилелерди жүргүзүүнү чыңдоону көздөйт.
"Нотариалдык палатанын түзүлүшүнүн негизги максаты ушул кесипти аркалаган кызматкерлерди окутуулардан өткөрүү, нотариус багытынын дараметин көтөрүү, алардын этикалык жүрүм-турумуна жана каржылык маселелерине көзөмөл жүргүзүү болуп эсептелет. Палатанын алдында окуу борборлору ачылат. Алар нотариус ачам деп лицензия алууну каалаган кызматкерлерди да такшалуудан өткөрөт. Жакында эле палатанын алгачкы курултайы болуп өттү. Анда уставы, этика кодекси, текшерүү комиссиясынын жобосу бекитилди. Эми нотариалдык палатанын астында өзүнүн каржылык маселелерин чечүү, окутуу борборлорун ачуу, чарбалык иштерин иретке келтирүү маселелери турат. Аталган уюмдун түзүлүшү мыйзамда көрсөтүлгөн жана жеке нотариустар менен мамлекеттик нотариустардын макамы теңдештирилгендиктен келип чыккан зарылдык", — деди Сыдыков.
Ал мыйзам боюнча бир нече нотариус биригип нотариустук бюро түзсө да болорун кошумчалады.