БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Бүгүнкү, 28-июлдагы, маалыматтарга таянсак, Казакстандын Кыргызстанга кирип келе жаткан аймагында автоунаалар топтолуп калды. Бул туурасында Чек ара кызматынан кабарлашты.
Алдын ала берилген маалыматтарга караганда, саат 22:50дөн тарта "Ак-Тилек", "Чоң-Капка", "Чалдыбар" жана "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү жайларында Салык кызматынын "Жыйынды посту" автоматттык маалыматтык тутумунун ишинде мүчүлүштүктөр катталган.
"ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдөн республиканын аймагына киргизилчү товарларды эсепке алуу үчүн Мамлекеттик салык кызматы "Жыйынды пост" автоматтык маалыматтык тутумун (АМТ) колдонот. Андагы мүчүлүштүктөрдөн улам Казакстандын аймагында Кыргызстанга чыккан тарабында жүк ташуучу транспорт каражаттарынын топтолуусу катталган", — деп айтылган билдирүүдө.
Алар Чек ара кызматынын тышкы миграцияны эсепке алуу бирдиктүү тутуму штаттык режимде иштеп жатканын, айдоочулар менен жүк ташуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалашты.