Денге – денге вирусунан келип чыккан жана инфекция алып жүргөн чиркейлер чаккан учурда адамдарга жугуучу оору. Бул тууралуу Калысбек Кыдышов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, денге оорусу менен инфекция алып жүргөн чиркей чаккан адам гана ооруп, башкаларга вирусту таратпайт.
"Денге калтыратмасы – чиркейлер аркылуу адамдарга жукчу вирустук инфекция. Ал тропикалык жана субтропикалык климаттуу аймактарда көбүрөөк кездешет. Мындай нымдуу, ысык өлкөлөрдө денге вирусун алып жүргөн чиркейлердин түрлөрү (Аedes чиркейи) жашайт. Көпчүлүк адамдарда денге оорусун жуктуруп алгандан кийин анын белгилери байкалбайт. Бирок ал көбүнчө жогорку температура, баш оору, дененин оорушу, кусуу жана исиркектер менен коштолот. Көпчүлүк бейтаптар 1-2 жуманын ичинде жакшы болуп калат. Ал эми кээ бири ооруканада кам көрүүнү талап кылган оор денге менен жабыркашат. Мындай учурларда денге өлүмгө алып келиши мүмкүн. Аталган инфекцияны алдын алуунун жолу — чиркейдин чагышынан коргонуу. Кубанычтуусу, денге менен инфекция алып жүргөн чиркей чаккан адам гана ооруп, башкаларга вирусту таратпайт. Андыктан Кыргызстан үчүн бул илдет эч кандай кооптуулук жаратпайт", — деди Кыдышов.
Ал тропик өлкөсүнө барган эс алуучулар денгени жуктуруп албашы үчүн жабык кийинип же денеге коргоочу каражаттарды сыйпап жүрүү керектигин кошумчалады.