Брестте тогуз миң жоокер ач-ток калып салгылашкан. Тарыхый ирмемдер

Чепти колдон чыгарып жибербеш үчүн Гитлер "эмне кылсаңар да кармап турасыңар" деген буйрук берген.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Мындан 79 жыл мурда советтик аскерлер Улуу Ата Мекендик согушта Брест шаары менен чебин катуу салгылаштан кийин немецтик нацисттердин колунан бошотуп алган.
Sputnik Ближнее зарубежье Telegram-каналы бул боюнча видеону таратып жана тарыхты чагылдырган маалыматтарды берди.
1941-жылы тогуз миң жоокер чепти ач-ток калып, суу, дары-дармексиз болсо да каармандык менен 20 миңдей немец жоокерлеринен коргогон. Алар коргонуп да, фашисттерге каршы чабуулга өтүп да, айтор, душманга чепти басып алууга мүмкүнчүлүк берген эмес. Анын акыркы коргоочусу майор Петр Гаврилов 23-июлда туткунга алынган.
3 жылдан кийин окоп, тикенек зымдар жана артиллерия менен бекемделген Бресттеги Германиянын коргонуусун Кызыл Армия беш күндүн ичинде талкалаган.
Чепти колдон чыгарып жибербеш үчүн нацисттер ага эки армияны алып келип, ал эми Гитлер "эмне кылсаңар да кармап турасыңар" деген буйрук берген.
Немецтер бир нече ирет контрчабуулга өткөнгө аракет кылып, бирок 28-июлда бир кезде басып алган шаарды таштап качууга аргасыз болгон. Ал эми бир жумадан соң оккупанттар Беларустун аймагынан биротоло куулган.
82 жыл мурда фашисттик Германия СССРге капыстан кол салган. Тарыхый видео