Пресс-борбор

Көлдө жүрөк эмнеге токтоп калышы мүмкүн. Адистин түшүндүрмөсү

Адамдын организми ысыктан суукка кескин өткөндү көп учурда көтөрө албастыгы айтылды. Адис көлгө кирер алдында денени бир аз сууга чайып, ал көнө түшкөндө гана чөмүлүү керектигин эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Көлдө жүрөк эмнеге токтоп калышы ыктымалдыгын ӨКМдин Жарандык коргонуу башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Болот Шаршеналиев түшүндүрүп берди.
Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда болгон брифингге катышкан.

“Жүрөгү токтоп калгандар көп кездешет. Азыр өтө ысык болуп жатат. Көлдүн жээгинде ысып чыгат, дененин да температурасы өйдөлөйт, ошол кезде адам муздак сууга чумкуйт. Ушул учурда температуранын кескин алмашуусунан жүрөктүн токтоп калуу кооптуулугу жаралат", — деген Шаршеналиев.

Адис көлгө кирер алдында денени бир аз сууга чайып, ал көнгөндө гана чөмүлүү керектигин эскертти.
ӨКМ балдардын сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелерин эскертти