Ысык-Көлдөгү кыз менен жигиттин өлүмү. Сот шектүүнү коё берди

Жекшемби күнү 19 жаштагы кыз менен 23 жаштагы жигит Чолпон-Ата шаарындагы эс алуучу жайлардын биринде каза болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө эки адамдын өлүмүнө себепкер деп шектелген өспүрүмдү райондук сот коё берди.
Бөгөт чарасын тандоодо бала 18ге толо электиги эске алынган. Анын туруктуу жашаган жери бар экени жана кылмышты шалаакылыктын айынан жасаганы белгиленди. Өспүрүм мыйзамдуу өкүлдүн көзөмөлүнө өткөрүлүп берилди. Тергөө аны камакка алууну сураган болчу.
Узаган жекшемби күнү 19 жаштагы кыз менен 23 жаштагы жигит Чолпон-Ата шаарындагы эс алуучу жайлардын биринде каза болгон. Аларды катер менен сүйрөтүп бараткан "таблетка" баллону теплоходго урунган. Көз жумгандардан сырткары 21 жаштагы бир кыз жаракат алып, ооруканада жатат. Кырсыкка кептелген катерди 16 жаштагы өспүрүм айдаганы белгилүү болгон.
Пресс-борбор
Бийлик суу транспортторуна номер алууну милдеттендирүү мыйзамын иштеп жатат