БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. "Яндекс такси" кызматынын тарифтери салыштырмалуу өтө кымбат экенине нааразы болгондор көп, жакында анын баалары жөнгө салынат. Бул туурасында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбек Тайлаков "Кабар" маалымат агенттигине билдирген.
Анын айтымында, аталган компания Кыргызстанда монополист компания эмес жана тарифтерди тескөө боюнча чара көрүлөт.
"Яндекс такси" бизде расмий түрдө 2023-жылдын башында эле каттоодон өтүп, салык төлөй баштады. Бүгүнкү күндө "Яндекс такси" монополиялык деңгээлге ээ эмес, аны үчүн рыноктун 35 пайызын камтышы керек. Кечээ фирманын чет өлкөдөгү жетекчилери менен видеобайланыш аркылуу сүйлөштүк. Азыр биз талдоо жүргүзүп жатабыз. Жакын арада тарифтери мыйзамдуу түрдө жөнгө салынат", — деди Тайлаков.
Ошондой эле ал социалдык тармактардан "Яндекс такси" бааларды кескин көтөрүп жатат деген маалымат түшүп жатканын кошумчалаган.