Сузак: жер сатып 52 млн. сом зыян келтирген деп жооптуу эки кызматкер кармалды

Жооптуу кызматкелер айыл чарба багытындагы жерлерди менчик үйлөрдү курууга сатып жибергени айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын жер тилкелерин мыйзамсыз сатып мамлекетке 52 миллион сом зыян келтирди деген шек менен эки кызматкер кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, "Кыргыз мамлекеттик жер долбоорлоо" ишканасынын жооптуу кызматкерлери "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Сузак району боюнча филиалынын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алышкан. Алар акчага туйтунуу үчүн жеке турак жай курууга сегиз гектардан ашык жер тилкесин Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жасалма токтомдорун колдонуу менен мыйзамсыз сатып, андан соң менчикке өткөрүү актыларын чыгарып беришкен.
Иликтөөнүн алкагында жер тилкелери "Кыргыз мамлекеттик жер долбоорлоо" ишканасынын Жалал-Абаддагы филиалынын директору А.у.Ы. жана адиси Т.Ж.Т. тарабынан берилгени аныкталган. Алар айыл чарба жана кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин турак жай курула турган тилкеге атайылап өзгөрткөнү айтылат. Учурда экөө тең УКМКнын Жалал-Абад облусунун тергөө абагына киргизилип, тиешелүү ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Атайын кызмат бул кылмыштуу кадамдардын кесепетинен бюджет 52 миллион 440 миң сомдук зыян тартканын белгиледи.
500 жасалма документ. Сузакта мыйзамсыз жер саткан бир нече кызматкер кармалды