"Санарип көчмөн" аталышындагы убактылуу жобо чыккан. Ал өлкөдө IT-адистер үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, Кыргызстандын инновациялык долбоорлорун жана экономикасын жогорулатууга багытталган. Учурда аны ала турган өлкөлөрдүн санын арбытуу мерчемделип, Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан тийиштүү документ иштелип чыгып, мекемелер аралык макулдашууда. "Санарип көчмөн" статусун берүү үчүн паспорт, эмгек келишими жана банк эсеби талап кылынат. Статус берилгенден кийин жеке персоналдык номер берилет, каттоого турбайт. Ошондой эле бул статусту алуу үчүн документтер аралыктан тапшырылат. Жобо чыккандан бери Россиядан — 1 407, Армениядан — 2, Беларустан — 12 жана Казакстандан — 4, Молдовадан 1 адам болуп, жалпысынан 1 426 адис макамды алды. Жалпы жонунан аны алууну каалап кайрылгандардын саны 3 590 адамга чукулдады. Берилбей калгандар — 1 921, алардын документтери жобонун талаптарына жооп берген эмес", — деди Алиясов.