Бийлик салык карызынын айып пулун 50% жеңилдик менен төлөсө болорун эскертти

Эгер ишкер 15 күндүн ичинде мүмкүнчүлүктү пайдаланбаса, анда айыптарын толук өлчөмдө төлөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы жарандарды салык төлөөдө жеңилдетилген режимди пайдаланууга чакырды.
Мындай норма Салык кодексинин 72-беренесинде каралган. Ага ылайык, салык төлөөчү текшерүүнүн же такталган отчетун берүүнүн натыйжасында эсептелген туумдардын жана айып пулдардын 50 пайызын төлөөдөн бошотуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Жеңилдетилген режимди пайдалануу үчүн төмөнкү шарттар аткарылышы керек:
учурдагы салык карызы жок болушу;
текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чечим же такталган отчету берилген учурдан тартып 15 күндүн ичинде салык калдыгынын толук суммасын, айып пулдардын 50 пайызын төлөө;
салык органына жеңилдетилген режимди колдонуу жөнүндө арыз жана карызын төлөгөнүн ырастаган документтерин жөнөтүү.
Бийлик транспорт жана турак жай салыгын төлөө мөөнөтү жакындаганын эскертти