Полтавада Пушкин менен Ватутинге коюлган эстеликти алып салышты

Аптанын башында Полтава шаардык кеңешинин депутаттары үч инсандын айкелин ордунан алуу туурасында чечим кабыл алган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Полтавада орустун улуу акыны Александр Пушкин менен Советтер Союзунун Баатыры, генерал Николай Ватутинге коюлган эстелик орнотулган жеринен алынды. Бул тууралуу Жогорку Раданын депутаты Ирина Геращенко билдиргенин РИА Новости жазды.
"Полтавада акыры Ватутин менен Пушкинге коюлган эстелик алынды", — деп билдирген ал.
Аптанын башында Полтава шаардык кеңешинин депутаттары үч адамга — Пушкинге, Ватутинге жана Улуу Ата Мекендик согушта Полоцк шаарын коргогондордун бири, баатыр Алексей Зыгиндин эстелигин алып салууга добуш беришкен. Үчүнчү адамдын айкелин алуу бир топ татаал болгондуктан аны кийинкиге калтырышкан.
"Полтавщина" басылмасынын маалыматына караганда, Пушкиндин бюстун чөлкөм таануу музейине беришет, ал эми Зыгин менен Ватутиндин эстелигин Сум облусундагы "Советтик доордун паркына" коюшарын айтышты.
Эске салсак, Латвия бийлиги аталган эстеликти 23-августта ордунан алып салуу иштерин баштаган. Борбор калаада мындай кадамга нааразылыгын билдирген адамдар чыккан. Латвия полициясы Жеңиш паркынан 14 адам кармалгандыгын жана аларга тартип бузду деген айып коюлгандыгын маалымдады. Эртеси эстеликти алуу иштери кайрадан жанданган.
Украинада 2015-жылдан бери декоммунизация мыйзамы бар. Анын алкагында өлкө боюнча миңдеген советтик доордо орнотулган эстеликтерди ордунан алышып, ондогон шаар, кыштактардын атын алмаштырышты. Акыркы учурда Киев бийлиги советтик тарых эле эмес, Россияга байланышкан бардык нерселерге тап коюуда.
Ригада тарыхый эстелик алынып, РФ элчилиги Латвияга нааразылыгын билдирди