Кытай дарыгерлери 600 кыргызстандыкка бекер операция жасайт

Катаракта боюнча операциялар Улуттук госпиталь менен Ош облустук ооруканасында жасалмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Кытайлык дарыгерлер 600 кыргызстандыктын көзүнө катарактасынан арылтуу үчүн бекер операция жасайт. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
25-июлда саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырбекова Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугуп, ден соолук тармагындагы кызматташууну талкуулаган.
Дипломат Эл аралык өз ара кызматташуу борборунун сентябрь айында "Экспресс ден соолук" долбоорун ишке ашыруу пландары туурасында билдирген.
"Бул долбоордун алкагында 600 кыргызстандыкка катаракта боюнча бекер операция кылуу каралууда. 300 операция Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталда, ал эми 300 операция Ош шаарындагы облустук ооруканада жасалат", — деп айтышты маалымат кызматынан.
Орган алмаштырат. Түркиядан Кыргызстанга 120 дарыгер келди