Кыргызстанда буудайдын түшүмдүүлүгү төмөндөп кетти

Былтыркыга салыштырмалуу арпа, буудайдын жыйналышы боюнча көрсөткүч кубантарлык эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда арпа менен буудайдын түшүмдүүлүгү бир топ төмөндөп кетти.
Буудай 100,5 миң гектар аянттан чабылды, тагыраагы, 43,4 пайызы жыйналды. Орточо түшүмдүүлүк 20,2 центнер гектарды түзүп, былтыркыдан 6,9 центнер гектарга аз болууда. Арпа боюнча абал мындан да кейиштүүрөөк. Бул өсүмдүк 102,3 миң гектар аянттан чабылып, 42,8 пайызы жыйналды. Түшүмдүүлүк 13,9 центнер гектарды түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 12,7 миң тоннага аз болгон.
Министрлик: кургакчылык жазгы талаа иштеринин темпин төмөндөттү