165 млн. сомго сатмак. Чүйдө баңгизат лабораториясы жабылып, жетекчиси кармалды

Шектүү жумасына 40 килограммга чейин психотроптук заттарды өндүрүп келгенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Чүй облусунун аймагында ири өлчөмдөгү психотроптук заттарды алып келүү, даярдоо жана сатуу каналдарына бөгөт коюлду. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы, УКМК жана Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан биргелешкен атайын операция жүргүзүлгөн.
Маалыматка ылайык, июнь айында эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү: 20 жаштагы Д.Н. жана ошол эле курактагы С.Т. кармалган. Алардын Kia Optima автоунаасынын багажынан салмагы 11 килограмм 750 грамм болгон 47 таңгактагы мефедрон заты табылган. Алар аны белгисиз адамдарга сатууну көздөшкөн.
Мындан тышкары, кармалгандар жашаган үйдө мефедрон психотроптук затын даярдоочу нарколаборатория табылган. Тинтүү учурунда 100 грамм мефедрон психотроптук заты, жеке коргонуу каражаттары, таразага тартуу жана таңгактоо буюмдары, ошондой эле химиялык реактор, психотроптук заттарды өндүрүүдө колдонуу үчүн эки тоннадан ашык прекурсорлор жана башка буюмдар чыккан.
1 / 4

Маалыматка ылайык, июнь айында эл аралык баңги тобунун мүчөлөрү: 20 жаштагы Д.Н. жана ошол эле курактагы С.Т. кармалган

2 / 4

Алардын Kia Optima автоунаасынын багажынан салмагы 11 килограмм 750 грамм болгон 47 таңгактагы мефедрон заты табылган. Алар аны белгисиз адамдарга сатууну көздөшкөн

3 / 4

Мындан тышкары, кармалгандар жашаган үйдө мефедрон психотроптук затын даярдоочу нарколаборатория табылган. Тинтүү учурунда 100 грамм мефедрон психотроптук заты, жеке коргонуу каражаттары, таразага тартуу жана таңгактоо буюмдары, ошондой эле химиялык реактор, психотроптук заттарды өндүрүүдө колдонуу үчүн эки тоннадан ашык прекурсорлор жана башка буюмдар чыккан.

4 / 4

Андан соң лабораториянын жетекчиси, 28 жаштагы А.И. (ортодо) кармалган. Ал мессенджер аркылуу чет элдик кураторлор менен сүйлөшүп, акчанын эсебин берип турган. Шектүү жумасына 40 килограммга чейин психотроптук каражатты өндүрүп келгенин айткан.

Андан соң лабораториянын жетекчиси, 28 жаштагы А.И. кармалган. Ал мессенджер аркылуу чет элдик кураторлор менен сүйлөшүп, акчанын эсебин берип турган. Шектүү жумасына 40 килограммга чейин психотроптук каражатты өндүрүп келгенин айткан.
"Жогоруда аталган адамдар Бишкек жана Чүйдүн аймагында баңгизаттарды жашыруун жерлерге бекитип кетүү менен алектенгендиги аныкталган. Бул маалыматты текшерүү учурунда көк түстөгү экстази психотроптук каражаты катылган 10 жер табылган. Баңгизат лабораториясын криптовалюталар аркылуу каржылап келишкен. Криптовалюталарды Бишкекте алмаштырып, нак акчаларды банктык карталарына салышкан. Бул узакка созулган атайын операциянын жүрүшүндө 30 килограммдан ашуун психотроптук каражат жана эки тоннадан көп прекурсор табылып, алынды", — деп айтылат маалыматта.
ИИМдин версиясы боюнча, мындай кылмыштуу ишке баргандардын мыйзамсыз кирешеси 165 миллион сомду түзүшү мүмкүн. Анткени операциянын натыйжасында 180 200 даана бир жолку дозадагы мефедрон, экстаз жана башка психотроптук заттар табылган.
Милициядан учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүп жаткандыгын айтышты.
Бишкек тургунунун короосундагы кара куурай "плантациясынын" асмандан көрүнүшү