Астанада Манастын айкелин орнотууга 25 млн. сомдук тендер жарыяланды. Эскиз

Айкөлдүн айкелинин бийиктиги 5,5 метр, туурасы 1,5 метрди түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Казакстандын борбору Астанада Манастын айкелин орнотуу үчүн конкурс жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталынан көрүүгө болот.
Айкелдин тендердик баасы 25 миллион сом деп, 30-августка чейин ишти толук бүткөрүү талабы коюлган. Орнотууга кызыкдар тараптар 31-июлга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине табыштама бериши шарт.
Долбоордо айкөл Манастын ат минип турган образы чагылдырылып, артына эки кабылан коюлары жазылган. Айкелдин бийиктиги 5,5 метр, туурасы 1,5 метрди түзөт. Ал эми кабыландын бийиктиги 170 сантиметр, туурасы 70 сантиметр деп көрсөтүлгөн.
Белгилей кетсек, Маданият министрлиги мындан эки жыл мурда аталган эстеликти жасоого сынак жарыялаган болчу. Анда Манастын айкели Астана шаарынын Жубанов менен Пушкин көчөлөрүнүн кесилишине орнотулары айтылган.
Анкарада алп Манастын эстелиги ачылды. Видео