БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Быйыл кыш мезгилинде электр энергиясынан көйгөй жаралат деп сарсанаа болууга негиз жок. Бул туурасында президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук агенттигине берген маегинде билдирди.
Ал энергетика тармагына өзгөчө кырдаал киргизүү электр энергиясын тиешелүү маселелердин баарын координациялоого шарт түзөрүн белгиледи. Мамлекет башчынын айтымында, мындай режим бюрократия кылбай ыкчам чечим кабыл алууга жол ачат.
"Элибиздин электр энергиясы боюнча сарсанаа болуусуна эч негиз жок. Өзгөчө кырдаал киргизди десе эле "кокуй, энергетика тармагы болбой калыптыр, өзгөчө кырдаал түзүлүп калыптыр, кышында абал кыйындайт экен" деп ар кандай чагымчыл кептерге алдырбаш керек. Болгону ушундай жарлык менен Энергетика министрлигинин ыйгарым укуктарын кеңейтүүдөбүз. Ооба, быйыл суу аз. Бул бир эле Кыргызстанда эмес, жалпы региондогу көрүнүш болуп жатат. Ошентсе да биз кыштан аман-эсен, жакшы чыгабыз деп турабыз. Себеби ЖЭБди эске алганыбызда жана ошондой эле башка өлкөлөр менен түзүлгөн келишимдердин негизинде кыштан көйгөйсүз чыгабыз", — деди Жапаров.
Президент коомчулукта "бийлик эптеп эле бир жеринен жаңылса, жыдыса экен" деп, жалаң эле жамандык издеген бир ууч топ бар экенин айтты. Бирок сабаттуу эл өкмөттүн ачык-айрым ишин туура, так түшүнүү менен кабыл алып жатканын билдирди.
Белгилей кетсек, президент дүйшөмбү күнү энергетика тармагына 1-августтан тарта 2026-жылдын 31-декабрына чейин өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жарлыгын чыгарган. Буга чейин өкмөт быйыл Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү нормадан 2 миллиард метр кубга аз болорун айтып, калкты азыртадан электр тогун үнөмдөөгө чакырган.