Жалал-Абад облусундагы автокырсык: жолдон өткөндөр жардам берди. Сүрөт

Жардан кулаган автоунаанын ичинде кичинекей бала болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Автоунаа Ош – Бишкек жолунун Кара-Көл – Таш-Көмүр бөлүгүндө тоо ылдый кулап, аларга ары-бери каттаган жүргүнчүлөр жардамга келген. Бул туурасында фотожурналист Влад Ушаков социалдык тармакка жазды.
Анын айтымында, окуя кечээ болгон.
1 / 3

Автоунаа Ош – Бишкек жолунун Кара-Көл – Таш-Көмүр бөлүгүндө тоо ылдый кулап, аларга ары-бери каттаган жүргүнчүлөр жардамга келген. Бул туурасында фотожурналист Влад Ушаков социалдык тармакка жазды.

2 / 3

Анын айтымында, окуя кечээ болгон

3 / 3

Жолдон өтүп бара жаткандар кайдыгер карабай, тескерисинче, жардамга ашыккан

"Көп улуттуу элибиздин тез, баш тартпай, бириге калып жардамга кол сунган кең пейилине, кыйын күндө адамды жалгыз таштап койбогонуна дагы бир ирет тан бердим. Машина Кара-Көл менен Таш-Көмүрдүн ортосундагы жолдо кырсыктаган", — деп билдирген Ушаков.

Жолдон өтүп бара жаткандар кайдыгер карап жолун улабай, тескерисинче, жардамга ашыккан. Сүрөттөн кишилердин ийиндеше туруп, биринин колун бири кармап чынжырча түзүп, тээ төмөндө жаткан жарадарларды алып чыгып жатканын көрүүгө болот. Жабыркагандардын арасында жаш бала болгон.
"Аял менен бала оор абалда, бирок тирүү болчу ", — деп кошумчалаган Ушаков.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан автокырсык кечээ, 25-июлда, болгонун тастыкташты. Honda Civic автокөлүгүнүн айдоочусу 57 жашта экенин, рулду башкара албай калып жолдон чыгып, жар сымал жерден учуп, төмөнгө кулаганын айтышты. Ал башка жүргүнчүлөр менен кошо ооруканага жаткырылган.
Бишкек – Ош жолунда адам өмүрүн алган автокырсык болду. Видео