Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Демөөрчү өздөрү". Захарова АКШнын ЕККУдагы өкүлүнүн сөзүн сынга алды

РИА Новостинин кабарчысы Ростислав Журавлев журналисттер тобу менен 22-июлда Запорожье облусунда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн чабуулуна кабылган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Telegram каналына АКШнын ЕККУдагы өкүлү Майкл Карпентердин россиялык кабарчыларга жасалган чабуул боюнча айткандарын сынга алган постун жарыялады.
Карпентер РИА Новостинин кабарчысы Ростислав Журавлевдун украиналык куралдан каза болгонуна комментарий берип жатып "прессанын өкүлдөрүнө кандай гана чабуулдар болбосун сынга алабыз" деген.
"Биринчиден, "кандай гана чабуулдун" курмандыктарынын жана агрессорлордун аты болот. Аты — Ростислав Журавлев. Агрессор — Киев режими. АКШ бул ысымдарды атоодон кайпактап качып, тайсалдабашы керек. Экинчиден, бир маалда эле журналисттерге жасалган чабуулду сындап жана кол салгандарга демөөрчүлүк кылбаш керек", — деп жазган Захарова.
Ал АКШ Киев режиминин террордук ишмердүүлүгүн түздөн-түз каржылаарын айткан.
"Алар эч качан "чабуулду сындай" алышпайт. Себеби ал өздөрүнүн акчасына жасалып жатат", — деп кошумчалаган ал.

Ростислав Журавлевдун өлүмү

РИА Новостинин кабарчысы Ростислав Журавлев журналисттер тобу менен 22-июлда Запорожье облусунда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн чабуулуна кабылып, каза тапкан. Коргоо министрлиги бул кассеталык окторду колдонуунун кесепети экенин билдирди.
Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Журавлёвдун өлүмүнө күнөөлүүлөр, Киевди кассеталык бомба менен камсыз кылгандар жазасын аларын айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РИА Новостинин кабарчысы Журавлёв кандай кырдаалда каза болгонун айтып беришти