Пресс-борбор

Бийлик суу транспортторуна номер алууну милдеттендирүү мыйзамын иштеп жатат

Учурда суу транспортунун айдоочуларынын кээ бирлери күбөлүгү жана техникага лицензиясы жок эле айдап жүргөнү белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Суу транспортторунун баарына номер алууга милдеттендирген мыйзам долбоору иштелип жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин Жол транспорт тармагынын коопсуздугун текшерүү жана көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы инспектору Аманбек Болоталиев Sputnk Кыргызстанда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, учурда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги мыйзам долбоорун даярдап жатат, ага ылайык суу транспортунун ээлери номер алууга милдеттүү болот. Документ ушул күздө Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлүшү мүмкүн. Баарын чекеден каттоого алууга убакыт келди.
Болоталиев учурда суу транспортунун айдоочуларынын кээ бирлери күбөлүгү жана техникага лицензиясы жок эле айдап жүргөнүн айтты.
Белгилей кетсек, узаган жекшемби күнү 19 жаштагы кыз менен 23 жаштагы жигит Чолпон-Ата шаарындагы эс алуучу жайлардын биринде каза болгон. Аларды катер менен сүйрөтүп бараткан "таблетка" баллону теплоходго урунган. Көз жумгандардан сырткары 21 жаштагы бир кыз жаракат алып, ооруканада жатат. Кырсыкка кептелген катерди 16 жаштагы өспүрүм айдаганы белгилүү болду.
Көлдөгү каргашадан кийин Жапаров гидроскутерлерди тартипке салууну тапшырды