Сокулукта карызын алганы барган кишини өлтүрүп салышкан. Шектүүлөр кармалды

22-июль күнү киши үйүнөн чыгып кеткен, кийин анын машинасы айылдын четинен табылган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Сокулук районунда карызын алуу үчүн барган 33 жаштагы жаран киши колдуу болгон. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББ билдирди.
Маалыматка караганда, 22-июль күнү Ч. А. аттуу аял арыз менен кайрылган. Ал 1990-жылкы К. Ж. аттуу жолдошу дайынсыз болуп жатканын билдирген. Ал ошол күндүн таңында үйүнөн машинасы менен чыгып кетип кайра кайтып келген эмес. Ага таандык автоунаа кийинки күнү айылдын четинен табылган. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси ("Адам уурдоо") боюнча иш козголгон.
"К.Ж. ошол күнү карызга акча алып бербей койгон таанышына барууга камынганы такталган. Ыкчам тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүлөр аныкталды. Тергөө алардын оор кылмышка тиешеси бар экени тууралуу далилдерди тапкан", — деп айтылат маалыматта.
24-июлда Сокулук районунун Р.Ю. (1988-жылкы), Р.Д. (1993-жылкы) жана Д.А. (1965-жылкы) аттуу тургундары кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Ал эми дайынсыз болуп жаткан адамдын сөөгү айылдын четинен табылды. Иш "Адам өлтүрүү" беренесине алмаштырылды. Тергөө окуянын чоо-жайын аныктап жатат.
Үч адамдын өлүмү: маркум күйөөсүнө үй, биринчи аялына унаа алып берген дешти