БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Россия эгин келишими боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөөдөн баш тартты, буга Лондондун жыйынга Украинанын православ чиркөөсүнүн куугунтуктоо темасы боюнча Москва суранган спикерлерди катыштырбай коюуну чечкени себеп болгон. Бул тууралуу Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дмитрий Полянский билдиргенин РИА Новости жазды.
Шаршемби күнү эртең менен коопсуздук кеңешинин Украинанын православ чиркөөсүнүн куугунтуктоолору боюнча отуруму пландалган. Россия үч адамды баяндамачы катары сураган. Алар БУУнун өкүлү, Гедеон архиепископу (Украинанын православ чиркөөсүнөн) жана украин жазуучусу (жарандык коомдон) эле. Полянский акыркы экөө саясий жана диний көз караштары үчүн Украинада куугунтукка алынганын белгиледи.
Бирок Улуу Британия ушул эле күнү Украинанын православ чиркөөсү боюнча отурумдун артынан Батыш суранган жыйын болорун айткан. Ал эгин келишиминин аякташынын кесепеттери тууралуу эле.
Британиянын БУУдагы өкүлү Жеймс Клеверли Россияга убактылуу чектөөлөрдөн улам бир гана кишиге сөз сүйлөөгө уруксат берүү сунушталганын айткан. Экинчи спикер сөзүн жазып бере аларын билдирген.
Андан кийин Россия Гедеон архиепископун отурумга катыштыруу маселесин процедуралык добуш берүүгө койду. Бирок аны үч эле мамлекет колдоп, Коопсуздук кеңешинин башка мүчөлөрү макул деп добуш берүүдөн карманган. Буга байланыштуу ал спикер дагы катышпай турган болгон.
"Улуу Британия талапкерди БУУнун Коопсуздук кеңешинин жоболорунун бардык критерийлерине жооп бергендигине карабастан баш тарткандыктан, биз буга каршылык көрсөтүү катары кийинки отурумда сүйлөбөйбүз", — деди Полянский.