БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Баткен облусунун Лейлек районунда чек араны бузуп кирип, койдун 700 килограмм этин алып чыгып баратканда Тажикстандын жараны кармалды. Бул туурасында Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка таянсак, 23-июлда таңкы саат 05:30 чамаларында Тажикстандын Согд облусунун Худжант шаарынын тургуну, 30 жаштагы Н.Ф. Toyota Avensis Verso үлгүсүндөгү автокөлүгү менен Кыргызстандын чек арасына мыйзамсыз кирген. Ал Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук айылынан аткезчилик менен койдун эттерин алып чыгып баратканда ыкчам кызматкерлер тарабынан кармалган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси ("Экономикалык контрабанда") жана 378-беренеси ("Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") боюнча кылмыш иши козголуп, материалдар УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгына өткөрүп берилген.
Кылмышка шектелген тажикстандык Н.Ф. убактылуу кармоо жайына киргизилип, автоунаасы айып короого коюлган.