Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Коркунучтуу түшкө айланат". Кытай Киевге каргашалуу ката боюнча эскертти

Баяндамачы муну менен алардын кесепети кайтарылгыс ишти жасап, аны кайра ордуна келтире албай калышарын эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. АКШ кооптуу, чачырап жарылган ок-дарыны Украинага берүү чечимин кабыл алып, Пандора үкөгүнөн азезилди чыгарып жиберди. Бул туурасында РИА Новости CGTN баяндамачысы Синь Пиндин материалында айтылганын жазды.
Баяндамачы муну менен алардын кесепети кайтарылгыс ишти жасап, аны кайра ордуна келтире албай калышарын эскертти.
Журналист мындай кадам украиналыктар үчүн ээрчип алган коркунучтуу түш сымал көп жылдарга уланарын айтты. Анын пикиринде, америкалык саясатчыларды жай жарандардын жашоо-турмушу жана болуп жаткан чатакты тынчтык жолу менен жөндөө ойлондурбайт.
"Чачырама бомбалар Пандоранын үкөгүндөгү акыркы азезил болбошу мүмкүн. Вашингтондун курал-жарактарды тынымсыз жеткирүүсү чыр-чатактын курчушуна май тамызып, ал эми Украинанын тынчтыкка болгон үмүтүнөн ого бетер алыстатат", — деп жазган Синь Пин.
Баяндамачы АКШнын аскердик өнөр жай комплекси Украинадагы азыркы болуп жаткан согуштук аракеттерди оңой эле бүтүп калышына жол бербей турганын белгиледи.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кытай АКШнын Киевге өтө кооптуу ок-дары бере турганы боюнча үн катты