БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө эс алуу учурунда теплоходго урунуп көз жумган эки адамдын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул туурасында ИИМдин Коомдук коопсуздук боюнча кызматынын жетекчисинин орун басары Sputnk Кыргызстандын маалымат борборундагы брифингде билдирди.
© Sputnik / Жантай Макенов
"Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси ("Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү") беренеси менен иш козголду. Бүгүн катерди айдап жүргөн баланын баш коргоо чарасы каралат. Ал жашы жете элек, 16 жашта", — деди Исмаилов.
Исмаилов моторлуу кайыктын ээси Чолпон-Ата шаарынын жашоочусу экендигин, анын да жоопкерчилиги караларын айтты.
Белгилей кетсек, узаган жекшемби күнү 19 жаштагы кыз менен 23 жаштагы жигитти гидроскутер коюп кеткени айтылган. Экөө тең алган жаракатынан улам каза тапкан. Дагы бир кыз жабыркап ооруканада жатат. Кийин милиция Чолпон-Ата шаарындагы эс алуучу жайлардын биринде, суудагы оюн-зоок кызматын көрсөткөн моторлуу кайыктын айдоочусу көлдүн үстүндө жүргөн "таблетка" баллонун сүйрөтүп бара жатып теплоходго урунганын билдирди.