Радио

Максутов: кино тармагына мурдагыдан 10 эсе көп каражат бөлүнүүдө

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов быйыл кино тармагына 308 миллион сом бөлүнгөнүн айтты.
Sputnik
Мурда кино тармагына жылына 30 миллион сом каралчу. Быйыл 10 эсеге көп, тактап айтканда 308 миллион сом бөлүнүүдө. Бул тууралуу Алтынбек Максутов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Министрдин айтымында, эми сериалдарды тартууга басым жасалат.
"Тасма тартуу жаатында жакшы жылыш бар. Быйыл биринчи ирет 308 миллион сом каралды. Анын алкагында сериал тартууну жандандыруу үчүн атайын "Кыргыз сериалы" мекемеси түзүлдү. Алар алгачкы иштерди башташты. Ошондой эле бул каражат мындан ары жыл сайын өткөрүлүп туруучу "Бишкек кинофестивалы" аттуу иш-чараны уюштурууга да жумшалат. Мындан сырткары, аталган каражаттан жаш киночуларды шыктандыруу максатында студенттерге стипендия, Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" мамлекеттик мекемеси тарабынан тартылуучу кинолорго, жеке менчик компаниялардын сунуштарын канааттандырууга жумшалат", — деди Максутов.
Ал кинотеатрлар реформаланып, ижарага берип каражат табуу максатында заманбап техникалар менен жабдыларын кошумчалады.