ИИМ: соцтармактардагы жарнамалардын баарына ишене бербегиле

Ведомство шылуундар алдамчылыктын улам жаңы схемаларын ойлоп таап жатканын айтып, сак болууга үндөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. ИИМ жарандарды социалдык түйүндөрдөгү жарнактардын басымдуу бөлүгүнө ишенбөөгө чакырат.
"Көптөгөн адамдар чоочун экенине карабай айрымдардын сөзүнө дароо ишенип, шылуундардын тузагына оңой илинип калышат. Интернеттеги шылуундар социалдык тармактарда элдин көңүлүн буруу үчүн жарнамаларга жамынып иш кылышат. Мисалы, аткаминерлердин, бизнес өкүлдөрүнүн, белгилүү инсандардын сүрөттөрүн, видеолорун колдонушат", — деп айтылат маалыматта.
Көбүнчө алар Telegram мессенжеринде кирешелүү делген "инвестициялык долбоорлорун" жарнамалап, жарандарды акча салууга көндүрүп, жок жерден киреше көрөрүн айтышат. Ички иштер министрлиги шылуундар алдамчылыктын улам жаңы схемаларын ойлоп таап жатканын айтып, сак болууга үндөйт.
Салык кызматы: лотерея жеңүүчүлөрүнөн алдап акча алган шылуундар көбөйдү