Гитлерчилер басып алган Нарва үч жылдан кийин бошотулган. Видео

2023-жылдын 26-июлунда Эстон полициясы шаардын жашоочуларына бул күндү белгилүүгө тыюу салып, антпесе айыпка жыгарын эскертишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. 1944-жылы 26-июлда гитлерчилер 1941-жылы 17-августта басып алган Нарва шаары бошотулган. Бул тууралуу Sputnik Ближнее зарубежье маалымат берип, тарыхый видео таратты.
Шаарды кармап турган фашисттерге каршы чабуулду Ленинград фронтунун аскерлери койгон. Эки күн душмандар ээлеп турган позициясы мөндүрдөй жааган октун алдында калган. Асмандан авиация, жерден танкалардын айбаты күч болуп, жөө аскерлер дарыяны кесип өтүп, касташкан тараптын аскерлерин шаардан кууп чыгышкан.
Бул салгылаш жана анын жыйынтыгы советтик аскерлердин Балтика боюндагы чабуулуна көрүлгөн даярдыкты жакшырткан.
...Тынч күндөр келди. Миллиондогон аскерлердин Нарва үчүн салгылашкандагы каны, тери, курмандыгы, эмгеги, каармандыгы саясат үчүн садага болуп чабыла баштады. Алардын бири — 2022-жылы 16-августта Эстония бийлиги Нарва шаарында советтик эстеликтин орнотулгандан 52 жыл өткөндөн соң алып салынышы болду. Ал 1970-жылы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 25 жылдыгынын урматына тургузулган.
2023-жылдын 26-июлунда Эстон полициясы шаардын жашоочуларына бул күндү белгилүүгө тыюу салып, антпесе айыпка жыгып, советтик символиканы жана куттуктоолорду социалдык тармакта таратканы үчүн күнөөлүү болушарын айтып коркутушкан.
Жок кылынган эстеликтер... Балтика боюндагы өлкөлөрдүн кош стандарттары