Ала-Букадагы "Шах-Фазиль" мавзолейине 28 млн. сомго музей курулат. Эскиз

Имарат келишимге кол коюлгандан кийин 18 айдын ичинде курулуп бүтүшү керек.
Sputnik
БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда жайгашкан "Шах-Фазиль" тарыхый-архитектуралык комплексине музей курууга тендер жарыяланды. Бул туурасында Мамлекеттик сатып алуулар порталынан көрүүгө болот.
Долбоордун сметалык баасы 27 миллион 839 миң сом. Конкурстун шарттарына ылайык, тарыхый-маданий деп аталган музей бир кабаттуу, жер төлөсү менен болуп, келишимге кол коюлгандан кийин 18 айдын ичинде курулуп бүтүшү керек. Тендерге катышууну каалгандар 7-августка чейин Жалал-Абад облустук Капиталдык курулуш башкармалыгына табыштама жөнөтүшү зарыл.
Музейдин эскизинде биринчи кабатка көргөзмө зал, директор жана кызматкерлер үчүн бөлмө, гардероб куруу, ал эми жер төлөсүнө фонддорду сактоо, устакана, техникалык жана башка имараттар пландалган.
"Шах-Фазиль" тарыхый-архитектуралык комплексин Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Гүлистан айылында жайгашкан. Ага "Арча-Мазар" ыйык тоосуна курулган Аламбердар мавзолейи менен 2700 ислам жоокерин курмандыкка чалган үңкүр, мечит, "Шах-Фазиль" жана "Сафид-Булан" мавзолейлери кирет.
"Шах-Фазиль" мавзолейи турган жай — Фергананын шахы, караханиддер доорундагы башкаруучу Махмуд ибн-Насырдын коюлган жери. Бул жер мусулмандардын зыярат кылчу жайына айланган.
Уламыш боюнча, Кыргын-Мечитте 2 772 араб аскери намаз окуп жатканда кол салуу болуп, жоокерлердин баары мууздалган. Кыргындан соң Булан аттуу кыз кесилген баштарды жууп, арасынан сүйүктүүсүн табууга аракет кылып, бардык аскерлерди ушул жерге көмгөн. Алардын урматына Сафед-Булан мавзолейи курулган. ("сафед" араб тилинен которгондо "ыйык" дегенди түшүндүрөт).
Бишкекте 110,8 млн. сомго бейтапкана курууга тендер жарыяланды