6 ай ичинде кырсык болгон жерден 539 айдоочу качып кеткен. ИИМдин рейди

Үстүбүздөгү жылдын алты айында жол кырсыгын жасагандан кийин окуя болгон жерден качып кеткен айдоочунун саны 539 кишиге жеткен. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Sputnik
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы аймактык ички иштер органдары менен биргеликте бүгүндөн баштап "Автоунаа издөө" аттуу рейд жүргүзүүдө. Максаты — автоунаа уурдоого, жол кырсыктарынын жана башка мыйзамга каршы аракеттердин бетин ачууга байланышкан кылмыштарды аныктоо.
Анын алкагында автоунаа базарлары, техникалык тейлөө станциялары жана посттордогу автокөлүктөр текшерилүүдө.
"Быйыл алты айда автоунаа айдап качкан 123 кылмыш катталган. Айрым фактылары аныкталбай калып жатат. Ал эми жол кырсыктарын жасагандан кийин 539 айдоочу изин жашырып кеткен. Алардын ичинен 12 учур адам өлүмү менен коштолсо, 580 киши денесинен ар кандай оордуктагы жаракаттарды алышкан. Азыркы учурда бети ачылбаган фактылар бар. Из жашырган кылмышкерлер сөзсүз аныкталып, мыйзам чегинде катуу жоопкерчиликке тартылат", — деп айтылат маалыматта.
Бул сандар айдоочулардын жоопкерчиликсиздигинен, кайдыгерлигинен, айдоо маданиятынын жоктугунан жана жолдо жүрүү тартиби начардыгынан кабар берерин белгилешти.
Атайын органдар "Кудайберген" базарынын автоунаа тетиктерин саткан жайларын текшеришкен. Рейд учурда уланууда.
Тема боюнча:
Төрт айда 1800дөн ашык жаран айдоочулук күбөлүктөн кол жууду