Ысык-Көлдө эки эс алуучунун өлүмү. Окуянын чоо-жайы айтылды

Жекшемби күнү Ысык-Көл районунун аймактык ооруканасына Тез жардам менен үч адам оор жаракат алып түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө каза болгон кыз менен баланын өлүмү боюнча окуянын чоо-жайын Ысык-Көл райондук ИИБ кабарлады.
Эске салсак, буга чейин жекшемби күнү, 23-июлда, 2004-жылкы кыз менен 2000-жылкы баланы гидроскутер коюп кеткени айтылган. Экөө тең алган жаракатынан улам каза тапкан. Дагы бир жабыркаган кыз ооруканада жатат.
Милиция билдиргендей, жекшемби күнү Ысык-Көл районунун аймактык ооруканасына Тез жардам менен үч адам оор жаракат алып түшкөн. Окуя каттоого алынып, ооруканага ыкчам-тергөө тобу барып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

"Анын жүрүшүндө 23-июль күнү саат 16:30дар чамасында Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуучу жайлардын биринде, суу оюн-зоок кызматын көрсөткөн моторлуу кайыктын айдоочусу көлдүн үстүндө жүргөн "Таблетка" баллонун сүйрөтүп бара жатып теплоходго урунганы белгилүү болгон. Натыйжада үч адам денесинен жаракат алып, Чолпон-Ата шаарынын райондук ооруканасына оор абалда жеткирилген. Жабыркаган үч адамдын экөөсү жандандыруу бөлүмүнөн ошол түнү көз жуумп, үчүнчү жабырлануучу хирургия бөлүмүнө жаткырылган", — деп айтылат маалыматта.

Милиция шектүүнү кармады. Алдын ала суракта ал өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.
Учурда тийштүү соттук-медициналык экспертизаалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери улантылууда.
Ажалы жок экен! Капчыгайдан кулаган айдоочу аман калды. Видео