Көлдөгү каргашадан кийин Жапаров гидроскутерлерди тартипке салууну тапшырды

Узаган жекшемби күнү 19 жаштагы кыз менен 23 жаштагы жигитти гидроскутер коюп кеткени айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдө эки эс алуучу гидроскутерден каза болгонуна байланыштуу коопсуздукту күчөтүүгө тапшырма берди. Бул туурасында анын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Анын айтымында, мамлекет башчы ИИМге, Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө эс алуучулар менен туристтердин коопсуздугун камсыздоо боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөтүүнү, анын ичинде суу транспортунун ишмердигин тартипке салууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырган.
Белгилей кетсек, узаган жекшемби күнү 19 жаштагы кыз менен 23 жаштагы жигитти гидроскутер коюп кеткени айтылган. Экөө тең алган жаракатынан улам каза тапкан. Дагы бир кыз жабыркап ооруканада жатат. Кийин милиция Чолпон-Ата шаарындагы эс алуучу жайлардын биринде, суу оюн-зоок кызматын көрсөткөн моторлуу кайыктын айдоочусу көлдүн үстүндө жүргөн "Таблетка" баллонун сүйрөтүп бара жатып теплоходго урунганын билдирди.
Ажалы жок экен! Капчыгайдан кулаган айдоочу аман калды. Видео