Дүйнөлүк тажрыйбага ылайык, патенттелген бренддик препаратты чыгаруу укугу болжол менен 25 жылга берилет. Андан соң иштеп чыккан жак анын курамын ачыктайт. Ошол убакыт аралыгы өткөн соң башка фармацевтикалык заводдор да аны даярдап, бирок башка аталышта өндүрөт. Бул тууралуу Исабек Исмаилов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, дарыгерлер рецептке препараттардын соодалык аталышын эмес, эл аралык патенттештирилбеген аталышын жазууга тийиш.
"Дарыканаларда түп нускадагы дары жана женериктер да (generic drug – фармацевтикалык, биологиялык жана терапиялык натыйжалуулугу оригиналы менен бирдей экени тастыкталган препараттар – ред. ) сатылат. Биринчилери — өндүрүшкө эксклюзиви бар, бирок белгилүү бир убакытка чейин гана укугу фармацевтикалык компания даярдаган бренддик дарылар. Дүйнөлүк тажрыйбага ылайык, патенттелген бренддик препаратты чыгаруу укугу болжол менен 25 жылга берилет. Андан соң иштеп чыккан жак анын курамын ачыктайт. Ошол убакыт аралыгы өткөн соң башка фармацевтикалык заводдор да аны даярдап, бирок башка аталышта өндүрөт. Ошентип женериктер пайда болот. Экөөнүн тең курамы бирдей. Анткени мурда белгилүү бир бренд менен чыгарылып жүрүп кардарлар да көбүрөөк ынанат, ошол үчүн да кымбат төлөшөт. Бүгүн биз дарыгерлерге рецептке препараттардын соодалык аталыштарын эмес, эл аралык патенттештирилбеген аталыштарын жазгыла деп жатабыз. Эгер "парацетамол" деп жазылса, дарыканада сизге ар кыл өндүрүшчүлөрдүн парацетамол камтыган дары каражаттарын сунуштоого тийиш. 2020-жылы пандемия убагында түзүлгөн кырдаал фармацевтикалык ишканалар чектен чыккан аракеттерге барышарын көрсөттү. Ошондуктан наркы мамлекет тарабынан жөнгө салына турган дары-дармек тизмегин бир топ кеңейтүү чечими кабыл алынды", — деди Исмаилов.
Ал Кыргызстан дары каражаттарынын 97 пайызын сырттан сатып аларын кошумчалады.