Бишкекте Кытайдын электромобилдери жана башка товарларынын көргөзмөсү өтөт

Иш-чара эки күнгө созулуп, конокторго саат 10:00дөн баштап эшигин ачат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Бишкекте Кожомкул атындагы спорт сарайында Кытайдын инновациялык товарларынын көргөзмөсү өтөт. Бул туурасында Кыргыз-кытай соода-инвестициялык палатасы билдирди.
Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда соода-экономикалык кызматташтыкты илгерилетүү максатында 26-27-июль күндөрү "Жибек жолу өлкөлөрүнүн товарлары" аталышында VI көргөзмө уюштурулууда.
Бул жылы коңшу өлкөнүн Шаньси, Цинхай, Шэньси, Хэнань, Чжэцзян, Тяньцзинь, Дашан шаарларындагы жана Синзян-Уйгур автономдуу районундагы компаниялар катышары айтылды.
Көргөзмөгө келген жарандар төмөнкүдөй товарлар менен тааныша алат:
электромобилдер, айыл чарба техникалары жана жабдуулары, айыл чарба продукциялары, медициналык товарлар, жаңы энергетикалык технологиялар;
курулуш материалдары, турмуш-тиричилик техникалары, электротоварлар;
кеңири керектөөдөгү товарлар, текстилдик продукциялар, кийим-кече, бут кийим, активдүү эс алууга ылайыкталган товарлар жана башка.
Иш-чара эки күнгө созулуп, конокторго саат 10:00дөн баштап эшигин ачат.
Кыргызстандык 15 компаниянын товарлары эл аралык көргөзмөгө коюлду. Сүрөт