БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Борбор калаада калкты ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча кырдаал турукташып, чектөөлөр алынды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Ала-Арча дарыясында жана Чоң-Алыш каналында суунун агымы көбөйүп, “Орто-Алыш” башкы суу кампасы толтурулганы белгиленди. Учурда бардык суу сордургучтар штаттык режимде иштеп жатат.
Буга байланыштуу ичүүчү суунун тартыштыгы жоюлганын эске алуу менен Бишкек шаарынын калкына коюлган чектөөлөрдүн баарын 25-июлдан баштап алуу чечими чыккан.
Белгилей кетсек, борбор калаада дефициттен улам мэрия сууну көп сарптаган менчик мончолорду, автоунаа жууган жайларды, бассейндерди убактылуу жапкан. Ошондой эле шаардын түштүк тарабында түнкүсүн суу берүү токтотулган. Кээ бир райондорго кезек-кезеги менен жетип жаткан.