Баткендеги чырдан кийин бийлик өкүлдөрү зыяндын ордун толтуртууга макулдашты

Бүгүн да Баткен жана Согди облустарынын күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин жолугушуп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Баткен районунун Дача жергесинде Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары ортосунда чыккан чыр күч алып кетпеши үчүн бийлик өкүлдөрүнүн бир нече жолугушуулары өттү. Бул туурасында УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Жыйынтыгында тараптар төмөнкүдөй чечимдер кабыл алган:
укук коргоо органдары койгон тосмолорду алып салуу: кыргыз тарап Дача жергесинде, тажик тарап Ходжаи-Аало чек ара заставасына бараткан жолдо;
чек арага канатташ аймактарда жаңжалды болтурбоо чараларын көрүү;
Ак-Сай (КР) жана Ходжаи –Аало айылында (ТР) Төрт–Көчө багыты боюнча укук коргоо органдарынын биргелешип күзөт жүргүзүү.
Ошондой эле тараптар чырды иликтеп, ага тиешеси бар адамдарды аныктап жана келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу маселесин да карашты. Тажик тарап Кыргызстандын милиция кызматкеринин автоунаасына келтирилген зыянды төлөөгө даярдыгын билдирген.
Бүгүн да"Кызыл-Бел-автожол" өткөрүү жайында Баткен жана Согди облусунун күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин жолугушуу өтүп жатат.
Учурда кырдаал туруктуу, ары-бери каттттого чектөө коюлбаганы айтылды.
Белгилей кетсек, кечээ, 24-июлда, Баткендин Дача тилкесинде эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда мушташ чыккан. Окуя болгон жерге КР ИИМинин аймактык тескөөчүсү баратканда тажикстандыктар ага да кол салышкан.
Тажикстан менен чектешкен жерде эки ирет ок атылган. Окуянын чоо-жайы