Төө-Ашуудагы тоннель 26-июлдан тарта күнүгө 10 сааттан жабылат. График

Бишкек — Ош трассасындагы чектөөлөр 10 күнгө созулат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Төө-Ашуудагы тоннелдин жолуна асфальт төшөө иштерине байланыштуу күн сайын 10 саатка чейин жабылат. Бул туурасында "Кыргыз автожол" ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-июлдан баштап 6-августка чейин бардык унаалар үчүн каттам чектелет.
Сосновка өткөрүү пункту тарабынан оор жүк ташуучу унааларга түнкү саат 03:00дөн 16:00гө чейин, жеңил унааларга саат 06:00дөн 16:00гө чейин чек коюлат.
Ал эми Бишкекти көздөй келе жаткандарга Суусамырдан (трассанын 144-чакырымы) жүк ташуучу унаалар саат 05:00дөн 16:00гө чейин, жеңил унаалар 06:00дөн 16:00гө чейин өткөрүлбөйт.
"Узундугу 2 чакырым 510 метрлик тоннель акыркы жолу 2000-жылдары оңдоп-түзөөдөн өткөн. Учурда реконструкцияланып, жолуна асфальт төшөлүүдө. Буга чейин электр чубалгылары толук алмаштырылып, прожекторлор орнотулду. Ошондой эле актоо процесси жүрүп, бетон плиталары алмаштырылды. Азыркы тапта эски асфальтты сыйрып тазалоо иштери жүрүүдө", — деп айтылат маалыматта.
"Кыргыз автожол" ишканасы убактылуу жаралган ыңгайсыздыкка түшүнүү менен мамиле кылууну өтүндү.
Дем алышта Ысык-Көлдөн эртерээк чыккыла. Жол милициясы эс алуучуларга эскертти