Тажикстан менен чектешкен жерде эки ирет ок атылган. Окуянын чоо-жайы

Чек ара кызматы жарандарды жалган маалымат таратпоого чакырат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында ок атылышы боюнча соцтармакка тараган видеого комментарий берди.
Маалыматка караганда, 23-июль күнү "Плотина" чек ара постунда (Тажикстандын аймагы) эки ирет ок атылган. Ошол эле күнү эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү жолугушуу өткөргөн. Тажик тарап кызмат өтөп жаткан жоокер куралды оксуздандыруу учурунда кокустан ок чыгарып алганын билдиришкен. Жаракат алгандар болгон эмес.
"Чек ара заставасынын башчысы жолугушуу бүтөрү менен кокусунан чыгарылган ок тууралуу видеотасма тарткан Кыргызстандын жараны менен маектешип, ага чыныгы жагдайды түшүндүрүп берген. Бирок буга карабастан ал видеону социалдык медиага чыгарып салган", — деп айтылат маалыматта.
Чек ара кызматы жарандарды жалган маалымат таратпоого чакырат.
Баткендеги кагылышта жабыркагандарга жөлөк пул, соцпакет берилмей болду