Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктап, телефон чалды

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен. Архив
Мирзиёев куттуктоо үчүн ыраазычылык билдирип, бир тууган кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктап, телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында анын маалымат кызматы билдирди.
Жапаров кесиптешине чың ден соолук жана бир тууган өзбек элинин бакубатчылыгы үчүн жооптуу мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалаган. Ошондой эле ал биргелешкен аракеттер менен Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосунда жогорку деңгээлдеги ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк түзүлүп, жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча иштер толугу менен уланып жатканын баса белгилеген.
Өз кезегинде Шавкат Мирзиёев жылуу куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирип, бир тууган кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалаган.
Ошондой эле өлкө лидерлери кыргыз-өзбек эки жана көп тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын, аймактык күн тартибин талкуулашты.
Президент Садыр Жапаров Сауд Арабия падышалыгына болгон жумушчу сапарынын алкагында Мекке шаарында Умрага (кичи ажылык) барды
Садыр Жапаров Меккеде кичи ажылык зыяратын жасады. Сүрөт