БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Рыскул Боромбаев Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Жаңы дайындалган жетекчини эмгек жамаатка министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу тааныштырып, эмгек жамаатка ынтымак, жаңы жетекчиге ийгиликтерди каалады.
Цирктин мурдагы жетекчиси Фархад Бекманбетов бул кызматта 2019-жылдын январь айынан бери иштеп келген.
Эске салсак, июль айынын башында президент Садыр Жапаров цирктин абалын көрүүгө барган. Ал имаратты капиталдык реконструкциялоо долбоору иштелип чыкканын, керектүү акча каражаты бөлүнөрүн айткан.