17 жашында миллионер болдум деген Элдос Кыдынов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Стимул" уктуруусунда маек куруп жатып кыргызстандыктардын бардыгы онлайн-соода менен алектенип Россияга кийим-кече сата турган болсо да, алардын муктаждыгын толук жаба албастыгын айтты.
Ал ийгиликке кантип кадам таштаганын: чөнтөк телефонун сатып, курска жазылып окуп, онлайн-соодага киришкенин баяндап берди.
"2005-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Ак-Чий айылында туулгам. 9-классты аяктап экономист адистигин тандап, колледжге тапшырдым. Онлайн-маркетплейст тууралуу дайыма укчумун. Акыркы убакта өтө белгилүү болуп жаткан Wildberries аркылуу акча табам. Бул жерде иштеш үчүн жаш куракка чектөө жок. Өзүм теӊдүү балдар жакшы каражат табышканын көрдүм. Ошентип өткөн жылы телефонумду сатып, курска жазылып окуп, онлайн-соодага кириштим. Азыр товарларды "Дордой" базарынан жана тигүү цехтерден алып, кайра интернет аркылуу чет өлкөгө сатам. Бул бизнести баштаарда коркуп, көп ойлондум. Бирок мен ойлогондой оор болгон жок. Ата-энем да колдоп, мага ишеништи. Бир айлык кирешем бир миллион сомдун тегерегине чыкты. Электрондук коммерция барган сайын өнүгүп бара жатат. Биздин кардарлар өтө көп. Бүткүл кыргызстандыктар онлайн-соода менен алектенип Россияга кийим-кече сата турган болсо да, алардын суроо-талабын, мындайча айтканда, муктаждыгын толук жаба албайбыз. Андыктан баары онлайн-соодага өтүп кетти, мага ал жерде орун жок деген туура эмес ой", — деди Кыдынов.
Ал Бишкекте туруп эле ата мекендик өндүрүштөгү товарларды чет өлкөгө сатуу боюнча жана акча табуу жолун башкаларга да үйрөтүү үчүн атайын курстарды ачканын кошумчалады.