БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Тажикстан менен чек арада эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда жаңжал чыкты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлап, окуянын чоо-жайын айтты.
Маалыматка караганда, кыргызстандыктар (Ак-Сай айылынын тургундары) Ак-Сай - Көк-Таш жолу менен бара жатканда ушул эле жолдон тажик жарандары 8 унаадан турган автоколонна менен кыргызстандыктардын жолун кесип өткөн.
“Алар Ворух анклавынан (Тажикстан) Ходжай-Аало айылын көздөй бара жаткан. Дача аймагында эки өлкөнүн тургундарынын ортосунда мушташ чыккан”, - дешти Чек ара кызматынан.
Окуя болгон жерге КР ИИМинин аймактык тескөөчүсү келип, чыр-чатакка жол бербөөгө аракет кылган. Окуя болгон жерге жакындап келе жатканда ага Ходжай-Аало айылынын тургундары кол салышкан. Милиция кызматкери ал жерден чыгып кетүүгө үлгүргөнү белгилүү болду.
Учурда чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. КР күч түзүмдөрү кырдаалды турукташтыруу боюнча чараларды көрүүдө.
Чек ара кызматы жарандарды дүрбөлөңгө түшпөй расмий органдардын маалыматына гана ишенүүгө чакырат.
Бүгүн күндүз Тажикстан менен чектешкен жерде эки ирет ок атылганы айтылган эле.