Ак-Ордо-3тө фура сүзгөн маршуткада жаракат алган дагы бир аял түндө каза болду

Кырсыктан кийин төрт адам жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Ак-Ордо-3 конушунда жүк ташуучу автоунаа сүзүп кеткен 169-маршрутканын дагы бир жүргүнчүсү каза болду. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги тастыктады.
Кырсыктын кесепетинен жаракат алган 50 жаштардагы аял дээрлик беш күн жандандыруу бөлүмүндө жаткан. Тилекке каршы, эсине келе албай, түндө ооруканада үзүлгөн.
Эске салсак, 19-июлда Бишкектин Ак-Ордо-3 конушунда жүргүнчүлөрдү салып жаткан 169-маршрутканы SCANIA үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа артынан келип сүзгөн. Мунун кесепетинен бир жүргүнчү аял мүрт кетип, 23 адам ооруканага кайрылган. 12си дарылоо үчүн жаткырылып, алардын ичинен төртөө жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Бирөө оор, ал эми үчөө өтө оор абалда экенин айтышкан.
Кийинчерээк милиция жүк ташуучу автоунаанын айдоочусун кармаган.
Бишкек – Ош жолунда адам өмүрүн алган автокырсык болду. Видео