Чолпон-Атада ири музыкалык фестиваль өтөт

Азия жана Европа өлкөлөрүнүн мыкты аткаруучулары хит ырларды тартуулайт.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарында популярдуу музыка аткаруучуларынын арасында “Мейкин Азия” III эл аралык фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлады.
Иш-чара 18-20-август күндөрү болот.
Анда Азия жана Европа өлкөлөрүнүн мыкты аткаруучулары ат салышат. Ошондой эле Казакстан, Түркия, Россия, Түштүк Корея, Кытайдан мейман катары келген жылдыздар дүйнөлүк хит ырларды тартууламакчы.
Кыргызстандын атынан фестивалга катышуучулар 24-июль күнү улуттук филармонияда тандалат.
Радио
Максутов: күздө театрлар республиканы түрө кыдыра гастролдошот