Бир күндө талкаланган Батыштын Киевге берген танкалары. Эки лидердин видеосу

Россия президенти жалданган чет элдик согушкерлер арасында да жоготуулар арбын экендигин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Стрельнадагы Константиновский сарайында (РФ, Ленинград облусу) Россия менен Беларусь лидерлери жолукту. Алар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү, стратегиялык өнөктөштүк жана союздаш мамлекет катары интеграциялык өз ара кызматташууну талкуулаган.
Андан сырткары, учурда жүрүп жаткан Россиянын атайын операциясы, Батыштын Украинага берип жаткан согуштук техникаларынын жок кылынып жатышы тууралуу сөз болду.
"Ишти атайын операция тууралуу темадан баштагым келип турат. Биздеги кабарларга таянсак, кечээги күн жөн өткөн жок. Бактыга жараша, жакшы аяктады. Келип түшкөн маалыматтарга караганда, он беш Leopard жана жыйырмадан ашык Bradley жок кылынган. Бир эле беттеште! Менимче, буга чейин мындай болгон эмес", — деген Лукашенко.
Путин жардамга берилген башка мамлекеттен келген техникалар бир күндө мынчалык санда иштен чыгарылганы биринчи ирет болуп жатканын четке каккан жок.
"Чет элдиктер, балким, мынчалык көптөр бир күндө жок кылынган жок. Болгону ошол тараптан чет элдик техникалар менен толук жабдылган бөлүктөр иштеп жаткан", — деп белгиледи Путин.
Россия президенти жалданган чет элдик согушкерлер арасында да жоготуулар арбын экендигин айтты.
"Өздөрүнүн акылсыздыгынан улам болууда. Кандай болгон күндө да өкмөттөрү согуш болуп жаткан аймакка адамдарды жиберген өлкөлөрдүн коомчулугу, бул мамлекеттердин коомчулугу да ал жерде эмне болуп жатканын билиши керек. Ал адамдарга өздөрүнүн жетекчилеринин кадамдарына баа бере тургандай кылып маалыматты жеткиребиз", — деп белгилеген Путин.
Стрельнада Путин менен Лукашенконун сүйлөшүүсү башталды