БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Ош облусунун Араван районунда 14 жыл мурун адам уурдап, коркутуу жолу менен андан 100 миң доллар алган деген кылмышка шектүү жаран Россиядан кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, 2009-жылы кримчөйрөдө жүргөн кишилер Араванда 33 жаштагы жигитти күч колдонуп унаага салып кетишкен. Жабырлануучуну тоодо кармап, андан кийин Бишкекте зомбулук көрсөтүп 100 миң доллар алышкан. Жабырлануучу бир нече жылдан кийин гана милицияга кайрылган. Кылмышкердин башка шериктери мурда кармалып, сот жообуна тартылышкан.
Ыкчам издөө иштери 20-июлда Россиянын ИИМи, Улуттук гвардиянын жоокерлери жана Кыргызстан ИИМинин РФтеги өкүлчүлүгү тарабынан жүргүзүлгөн.
"Москва шаарында мурда бир нече жолу соттолгон жана кримчөйрөдө абройлуу, Баткен облусунун тургуну, 40 жаштагы Б.С. кармалды. Ага карата 2015-жылы мартта кылмыш иши козголуп, июнда "Адам уурдоо", "Мыйзамсыз эркинен ажыратуу жана опузалап талап кылуу" беренелери менен мамлекеттер аралык издөө жарыяланган. Натыйжада шектүү кармалып, камакка алынды", — деп айтылат маалыматта.
Учурда экстрадициялоо маселеси чечилип жатканы белгиленди.