25-июлга карата аба ырайы

25-июлга караган түнү өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Шейшембиде дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +34...+39, Талас аймагында +32...+37, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +29...+34 градус ысык болот.
Борбор калаада жана Ош шаарында күндүн табы +37...+39, Чолпон-Атада +30...+32 градуска чейин көтөрүлөт.
Чолпон-Атада ири музыкалык фестиваль өтөт