Улуттук банктын алтын корунун наркы бир айда 1,8 млрд. сомго түшүп кетти

Июндун башында алтын запасынын баасы 91,6 миллиард сомдон ашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Улуттук банктын (УБ) алтын корунун наркы июнь ичинде 1 миллиард 835,7 миллион сомго түшүп кеткен.
Улуттук банктын сайтындагы маалымат төмөнкүдөй:
Июндун башында 91 миллиард 628 миллион сом болгон;
Июлдун башында 89 миллиард 792,3 миллион сомду түзгөн.
Бул эмнеге байланыштуу болгону айтылган эмес.

Алтындын дүйнөлүк баасы менен доллардын курсу кандай өзгөрдү?

1-июндан 1-июлга чейин Кыргызстанда доллардын курсу 39 тыйынга түшкөн. Лондон ассоциациясынын баалуу металлдар рыногунун кечки фиксинги (алтындын дээрлик дүйнөлүк баасы, бирок ал күн сайын жаңыланбайт) ушул эле мезгилде бир нече ондогон долларга түштү.

Алтын запасынын өйдө-ылдый болушу

2021-жылдын май айында Улуттук банктын алтын кору 99 миллиард сомдон ашып, сентябрга карата 29 миллиардга түшүп кеткен. Кийинчерээк УБ 2021-жылдын башында дээрлик 20 тонна баалуу металл сатканын жарыялаган. Андан кийин анын кору өйдө-ылдый болуп турган, бирок баары бир өсүш алдыга чыкты. Белгилей кетсек, бир нече айдан бери биринчи ирет наркы төмөндөдү.
Улуттук банктын алтын корунун наркы 91 миллиард сомдон ашты