Спорттук машыктыруучулардын, калыстардын квалификациясын жогорулатууга басым жасалат. Бул багытта чет өлкөлүк адистер менен да кызматташуу каралууда. Бул тууралуу Айбек Абдымомунов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, департамент спорттук окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү менен тажрыйба арттыруу жаатында иштерди жасайт.
"Спортто кадр маселесине көп убакыттан бери көңүл бурулбай калган. Кийинки жылдын календарлык планына окутууга өзгөчө басым жасайлы деп турабыз. Мисалы, спорттук машыктыруучулардын, калыстардын квалификациясын жогорулатуу керек. Бул багытта чет өлкөлүк адистер менен да кызматташуу каралууда. Анткени балдарды окутууда жаңы билим, жаңы көз караш абдан маанилүү болуп турат. Ошол себептен Спорттук методикалык борбор түзүү планыбыз күчүндө. Бул боюнча ырааттуу кадамдарды карап, аны жүзөгө ашыруу жагын иштеп чыгабыз", — деди Абдымомунов.
Ошондой эле адис спорттук кадрларды даярдоого, квалификацияны жогорулатууга кийинки жылы каражатты көбөйтүү керектигин кошумчалады.